Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

МакКристал Ооганстанга дагы аскер жиберүүгө үндөйт


АКШ жана НАТО аскерлеринин Ооганстандагы кол башчысы генерал Стэнли макКристал кошумча аскерлер жиберилбесе, талиптерге каршы уруштан майнап чыкпайт деп эскертет. Washington post гезитинин жазганына караганда, генерал августтун этегинде коргоо министри Роберт Гейтске докладын жөнөткөн. Ошол эле маалда генерал ал докладында "кырдаал олуттуу болгону менен, ийгиликке жетишсе болот" деген тыянак жасайт. МакКристал эмки жумаларда АКШ жетекчилигине кайрылып, кошумча аскерлерди жөнөтүү маселесин козгойт деп күтүлүүдө. Президент Обама жекшембиде көргөзүлгөн бир нече телеинтервьюларында Ооганстандагы контингентти көбөйтүү маселеси боюнча чечим кабыл алына электигин билдирди. Буга чейин президент Ооганстанга 21 миң кошумча жоокер жиберүүгө буйрук берген. Америкалык аскерлердин саны Ооганстанда азыр 68 миңдей кишини түзөт.

XS
SM
MD
LG