Поп музыканын падышасы атыккан Майкл Жэксон бейшембиде жайына берилди. Анын сөөгү Лос Анжелестеги Форест Лоун (Forest Lawn) көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө 200дөй киши катышты. Жэксон 25-июнда ченеминен ашыкча даары ичип каза болгон. Өткөн аптада Лос-Анжелестин полициясы ырчынын иши адам өлтүрүү катары териштирилээрин кабарлады. Жэксон 29-августта 51 жашка толмок.