Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Иранда парламент өкмөт мүчөлөрүнүн көбүн бекитти


Парламент президент Махмуд Ахмадинежад министрлик кызматка көрсөткөн жыйырма бир талапкердин он сегизин бекитип, үчөөсүнө каршы чыкты. Парламенттен өтпөй калгандардын экөөсү билим берүү, социалдык камсыздоо министрлигине көргөзүлгөн аялдар, үчүнчүсү энергетика министри кызматына сунушталган талапкер эле. Бирок иран парламенти 1979-жылкы ислам ыңкылабынан бери биринчи ирээт аял кишини өкмөт мүчөлүгүнө бекитип, саламаттыкты сактоо министри кылып дайындады.

Бекитилгендер арасынан коргоо министринин кызматына келген Ахмад Вахиди 1994-жылы Аргентинанын Буенос- Айрес шаарындагы жөөт борборунда 85 адамдын өмүрүн алган жардырууга тиешеси бардыгы үчүн айыпталган.

Өкмөт курамы боюнча Иран парламентиндеги бүгүнкү добуш берүү президент Махмуд Ахмадинеджад үчүн июндагы талаштуу шайлоодон кийин биринчи чоң сынак болду.

Президент Ахмадинежаддын өзү болсо бүгүн Иран талаштуу өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк державалардын кысымына моюн сунбасын, алар сүйлөшүү үчүн белгилеген мөөнөттү аткара бербесин билдирди.

XS
SM
MD
LG