Жогорку Кеңештин депутаты Бейшен Абдырасаковдун билдиргенине караганда бул күнү эртең менен Улуттук китепканада эскерүү-реквием өтүп, ал 1916-жылкы элдик көтөрүлүштүн курмандыктарынын Боом капчыгай ичиндеги эстелигинин жанында уланат. Эскерүүгө өкмөттүн, парламенттин, коомчулуктун 600 чамалаш өкүлү катышаары күтүлүүдө. Тарыхый маалыматтарда падышалык Орусиянын баскынчылык саясатына каршы чыккан кыргыздардын 170 миң чамалашы Бедел, Какшаал ашууларында ачкадан, сууктан кырылып калганы айтылып келатат. Былтыр Парламент август айынын биринчи жума күнүн үркүндө шейит кеткендерди эскерүү күнү катары белгилөө тууралуу токтом кабыл алган. (BuS)