Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров Орусиянын кыргызстандык эмгек мигранттары көп отурукташкан аймактардын расмий жетекчилери менен, мекендештери менен жолугушууларды өткөрө баштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууларда негизги көңүл 23-июлдагы президенттик шайлоону уюштуруу маселелерине көңүл бурулат. Мигранттар арасында президенттик шайлоого үгүт иштерин аймактар аралык “Кыргыз биримдиги” коомдук уюму да жүргүзүүдө. Бул тууралуу кечээ уюштурулган маалымат жыйынында уюмдун башчысы Абдыганы Шакиров билдирди. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Орусияда иштешет. Алардын 300 миң чамалашы Орусиянын жарандыгын алгандыгы маалымдалып келатат. (BuS)