Бүгүнкү жардырууларда 60 адам жаракат алды. Эки жанкечти өлкөнүн Тал-Афар деген шаарында өздөрүн жардырышкан. Бул шаар баш калаа Багдаттан 420 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Багдаттын өзүндө болсо жолго коюлган жардыргыч зат атылып, жети киши көз жумду, 20сы жарадар болду. Катарма-катар жардыруулар Ирактын негизги шаарларынан америкалык аскерлер чыгып кеткенден бир апта өткөндөн кийин болуп олтурат. АКШнын аскерлери 2011-жылдын этегине чейин Ирактан толук чыгып кетиши керек.