Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:15

А. Мониев: Кыргызстандык журналисттерге кесиптик тилектештик жетишпейт


ЕККУнун Бишкек кеңсесинин өкүлү Миклош Харашти Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевге кат жолдоп, анда журналисттерге кол салуулар президенттик шайлоо алдында ойлордун эркиндигин чектейт деп билдирди. Ал ошондой эле бийликти мындай чектөөлөрдү жоюу чараларын көрүүгө чакырган. Буга байланыштуу "Азаттык" кол салууга кабылган журналисттердин бири Абдувахаб Мониевди маектешүүгө чакырды.

- Журналисттерге кол салуу, алардын өмүрүнө коркунуч келтирүү окуялары Кыргызстанда жаңылык эмес. Аз күн мурда мындай жагымсыз окуя сиздин да башыңыздан өтүп, аны сиз кесиптик ишмердүүлүгүңүзгө байланыштырдыңыз. Айтсаңыз, журналисттерге кол салууга эң биринчи эмне, кандай себептер негиз бериши мүмкүн?

- Бул боюнча ошол эле массалык-маалымат каражаттарында кеңири айтылып келе жатпайбы. Албетте, турмушта ар кандай болот ошондуктан биз баардык жагдайын, мүмкүн жеке турмуштук, жеке кокустук деген жагдайларды дагы эстен чыгарбашыбыз керек. Бирок эң негизги, эң биринчи себеби алардын кесиптик ишмердигинде, башкача айтканда Кыргызстанда болуп жаткан саясатка байланыштуу деп ойлойм.

-Айрым учурларда кол салуулар болгон кезде журналисттердин өздөрүн күнөөлөп, маалымат-аналитика жазуунун этикасын билбейт, билсе да сактабай буга жол беришет, деген пикирлер айтылып келет. Сиз кошуласызбы мындай пикирлерге?

- Мындай пикирлерге кайсы бир деңгээлде кошулса болот. Туура, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы журналистер, айрыкча кыргыз тилинде жазган журналистерде этика, сөз маданияты деген түшүнүктордун деңгээли төмөн тушүп кеткендигин жокко чыгара албайм. А бирок журналистерди уруп-сабап кетүү ишмердигинде бул негизги себеп эмес. Негизгиси бул майда-чүйдө ушак-айыңдын деңгээлинде жазган же болбосо ошонун тегерегинде ишмердик жүргүзгөн гезит же радионун журналистери эмес, негизинен көбүнчө саясат чөйрөсүндө алектенип оппозициялык маанайда жазган журналистер коркутуп-үркүтүүлөргө жана уруп-сабоолорго туш болуп жатпайбы. Ушул жагынан алганда бир беткей эле журналистерди жеке кесиптик жагынан күнөөлөө туура эмес, мындай куугунтук накта кесиптик жагынан болуп жатат го деп ойлойм.

-Басма сөз каражаттарына кысым көрсөтүү, журналисттерге орой, одоно мамиле жасоонун күчөшү дал ушул калемгерлердин ич ара ынтымаксыздыгын, бири-бирине “ушуну көрмөксүң” таризинде же жөн гана кайдыгер кароосунан келип чыгып жатат, деген ойлор бар. Сиз кандай дейсиз?

-Биз ар дайым айтып келебиз, канткен менен демократиялык коомдо журналистер өтө чоң күч деп. Расмий эмес айтылат массалык-маалымат каражаттары бул-коомдогу төртүнчү бийлик деп. Ал жөн жерден чыккан жок да. Чындыгында эле коомдо журналистер массалык-маалымат каражаттары өтө чоң күч.

Бирок алар кайсы бир деңгээлде, кайсы бир улуттук кызыкчылыктын тегерегинде бириге алса, анан ошол кесиптик тилектештиги болсо чоң күч болмок. Тилеке каршы, биздин журналистерде кесиптик тилектештик деген түшүнүк анчалык эле бекем эместигин байкап жүрөм. Бири-бирлерине карата бир кесиптик бир ич оору күйүү жагынан эмес, тескерисинче жеке мамилелердин жана болбогон бир тар атаандаштык, кызыкчылыктын негизинде карашып, “ошону көрмөк” деген мамилелерди чынында эле өкүнүү менен байкап жүрөм.

-Абдувахаб, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG