Ажанс Франс Пресс агенттигинин маалыматына ылайык, реформачыл талапкер Мир Хоссейин Мусавини колдогон эки топтун 10 чакты лидери камалды. Айрым кабарларга караганда, кээ бирлери кийин кое берилди. Ирандын ИРНА маалымат агенттиги алардын экөө ишемби күнкү нааразылык чараларын уюштуруп, жетектеген деп кабарлады. Тегерандагы толкундоолор жума күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин тутанган. Расмий санактарга ылайык, президент Махмуд Ахмадинежад добуштардын дээрлик 63 процентин алып, жеңди. Бирок анын атаандаштары жыйынтыктар бурмаланганын ырасташууда.