Өткөн жылы 15-февралда Москвада төрт окуучу жана медициналык окуу жайдын студенти 23 жаштагы тажик мигрантына кол салып, аны бычактап кетишкен. Сот чечимине ылайык, кылмышкерлердин төртөө жашы жете элек болгондуктан өспүрүмдөр колониясына, 19 жаштагы студент үч жылга жалпы колонияга эркинен ажыратылышты.