Атлантикада кырсыкка учураган Air France аба компаниясына тийешелүү учактын он жети жүргүнчүсүнүн сөөктөрү табылды. Жалпысынан Рио-де-Жанейродон Парижге учуп бараткан А-330 абалайнеринде 228 киши бар болчу. Кырсык болгон жерде Бразилия менен Франциянын аскер-деңиз күчтөрү иштешүүдө. Азырынча учактын кара кутусу табыла элек. Алдын-ала маалыматтарга караганда, учак техникалык себептерден улам кырсыкка учураган.