Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

Махмуд Ахмадинежад кайрадан сынга алынды


Иранда президенттикке талапкерлердин бири өлкө башчы Махмуд Ахмадинежадды кайрадан сынга алды. Оппозициячыл саясатчы Мир Хоссейн Мусави президент Ахмадинежад өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалыматты элге бурмалап жеткирүүдө деп айыптады. Сыналгыда сүйлөгөн сөзүндө Муссави инфляциянын көрсөткүчү тууралуу Ирандын Борбордук банкынын расмий маалыматтарын ачыктады. Анда инфляция 25 пайызды түзөрү айтылат. Буга чейин Махмуд Ахмадинежад Иранда инфляция 15 гана пайызды түзөрүн айткан. Мир Хоссейн Мусави 12-июнга белгиленген шайлоодо Махмуд Ахмадинежаддын негизги атаандашы катары каралууда.

XS
SM
MD
LG