Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Иран: Кол салуудан бир адам мерт кетти


Ирандын түштүк-чыгышында автобуска кол салынып, бир адам мерт кетти, дагы экөө жараат алды. Иран бийлигинин маалыматына ылайык, Захедан шаарына жол тарткан автобус белгисиз адамдар тарабынан аткыланган. Өткөн аптада Захедан шаарында шииттердин мечитинде жарылуу болуп, 25 киши мерт кеткен. Полиция бул кол салууга тийешеси бар деген шек менен 30 кишини камакка алды. Иран бийлиги бул окуяларды 12-июнга белгиленген президенттик шайлоо алдында согушкерлердин калк арасында чуу чыгаруу үчүн атайын жасаган аракети катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG