Социал-демократтар партиясынын катчылыгы тараткан маалыматка караганда ушундай сунуш менен коштолгон таблица Бишкек шаарынын мектептерине таратылды. Бул ыкма менен иштегенде бишкектик 5 миң мугалим орто эсеп менен 15 миң шайлоочуну өзүнө тарта алат деп, анын эсебин өлкө боюнча чыгарган СДП буларды “мугалимдик кызматынан же жакындарынын кызматтан ажырап калышынан чочулап, азыркы бийликти колдоого аргасыз болгон адамдар” деп белгилеген. Ошол эле мезгилде СДП өзү сүрөп жаткан талапкердин кызыкчылыгына кол тамга топтоо үчүн шаардын шайлоочулар көп топтолгон жерлерине үстөлдөрдү коюуга уруксат берилген жок деп билдирди. (BuS)