Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Түштүк коридору же Жаңы жибек жол кимге керек?


ЕСтин газ саммитинде мунайга бай Азербайжан лидери Илхам Алиевге байдөөлөт Германиянын канцлери Ангела Меркел да изат көрсөттү. Прага.7-май 2009
ЕСтин газ саммитинде мунайга бай Азербайжан лидери Илхам Алиевге байдөөлөт Германиянын канцлери Ангела Меркел да изат көрсөттү. Прага.7-май 2009

Евробиримдик Азербайжан, Грузия, Түркия жана Египет менен чогуу Россияны жандап өткөн газ жолун өнүктүрөлү деп макулдашты. Бирок Түштүк коридору - Жаңы жибек жолу саммитинин финалдык декларациясына Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кол коюшпады. Жаңы долбоор ЕБ үчүн чоң стратгиялык мааниге ээ. Анткени, Биримдик азыр керектеген газынын төрттөн бирин Россиядан алат.

Прагада өткөн саммитке Евробримдикке мүчө 27 өлкөнүн, ошондой эле Биримдикти мунай менен камсыздоочу жана мунайды транзиттөөчү 7 өлкөнүн лидерлери жана министрлери катышты. Бул жыйын катышуучулары Россияны айланып өтчү мунай боросун курууну колдошту.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу Түркиянын президенти Абдулла Гүлгө жана Азербайжан президенти Илхам Алиевге "Набукко" боросун куруу жөнүндө кол коюлган келишимди көрсөтүүдө. Прагадагы ЕБнын газ саммити. 8-май 2009
Мунайга бай Азербайжан жана Египет Каспий бассейнинен жана Жакынкы Чыгыштан Евробиримдикке мунай тартуучу боронун курулушуна “зарыл саясый колдоо” көрсөтүүгө жана “техникалык жана финансылык жардам” берүүгө макул болушту. “Түштүк коридор демилгеси” деп аталган бул долбоорго
“Максат-бул стратегиялык демилгени аткарууга зарыл саясый колдоону камсыздоо эле. Биз ага өтө маанилүү саммит учурунда жетиштик." Жозе Манул Баррозу, Еврокомиссиянын төрагасы.
Түркия менен Грузия саясый колдоо көрсөткөндөн башка да “ачык, туруктуу жана ыңгайлуу транспорттук режим түзүп беребиз” деген милдеттенме алышты.

Саммит соңунда жарыяланган декларация мунай өндүрүүчүлөрдү мүмкүнчүлүгүн карап көрүп, артык мунай-газын Биримдикке сатууга чакырды. Анын ордуна Биримдик аларга энергияны сарамжалдуу пайдаланууга жардамдашат.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Манул Баррозу Прага саммитинин маанисин мындай баалады:

-“Түштүк коридор демилгеси” Европа Биримдиги үчүн абдан маанилүү долбоор. Биздин максат - бул стратегиялык демилгени аткарууга зарыл саясый колдоону камсыздоо эле. Биз ага өтө маанилүү саммит учурунда жетиштик.

Прагадагы саммит Россияны айланып өткөн Набукко долбоорун колдоду. Түркия президенти Абдулла Гүл өлкө чыгышынан Австрияга чейин созулчу бул курулушка эмки айда кол койом деп сөз берди. Бирок ага дейре Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүдө оң жылыштардын болушун күтөт.

Финалдык декларацияга Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кол койгон жок. Анын жүйөөсү түшүнүксүз калды. Бирок Баррозу ЕБ-Түркмөнстан аралык сүйлөшүү ырааттуу жүрүп жатканын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин делегациясы 4-июнда Брюсселге келгенде да газ маселеси жөнүндө сөз болорун билдирди.

Биримдиктин учурдагы төрагасы, Чехиянын премьер-министри Мирек Топаланектин сөзүнчө, Түркмөнстан тышкы газ жолун диверцивикациялоого бөгөт болчу эч кандай тоскоолдукту көрбөйт жана “Түштүк коридоруна” өтө кызыгууда.

Прага саммитинде ошентип ЕБ Түркмөснтан менен Азербайжанды туташтырган газ боросунун курууну биринчи жолу ачык колдоду, дейт “Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Аато Лобякас:

- Биринчи жолу Евробиримдик ырасмий түрдө Борбор Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрүнө Каспий аркылуу өтчү долбоорго керектүү саясый-экономикалык жана финансылык жардамды берилет деп сөз берди.

Бул долбоор ишке ашса, Казакстан менен Өзбекстандын Набукко кууруна кошулуусуна жана алардын газды Батыш базарына түз сатуусуна жол ачат. Азыр Казакстан жана Өзбекстан газды Европа базарына Россия аркылуу гана сата алат.

XS
SM
MD
LG