Бул тууралуу коңшу Түштүк Кореядан түшкөн маалыматтарда айтылат. АКШнын аскерий өкүлдөрүнүн биринин Рейтердин кабарчысына билдиргенине караганда, учуруу эң эрте дегенде ушул ишембиде жүзөгө ашырылуусу мүмкүн. Түндүк Корея жасалма жандоочу учурулат деп ырастаганы менен Түштүк Корея менен Жапония Пхеньяндын азыркы аракетин ыраак аралыкка уча алуучу ракетаны жаап-жашырып сыноо катары кароодо. Жапониянын Улуттар уюмундагы элчиси Юкио Такасу анын өлкөсү Түндүк Кореянын ракета учуруусуна жооп ирээтиндеги ыктымал чараларды талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүнөрүн билдирди.