Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Бейөкмөт уюмдар диабетиктердин жетекчисин коргоону суранып Бакиевге кат жолдошту


Кайрылууда Диабет ассоциациясынын президенти Светлана Мамутованы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинин мүмкүн болгон кысымынан коргоо керектиги айтылат. Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аталган министрлик инсулин ийнелерин алуу боюнча тендер жарыялап, жыйынтыгында диабет менен ооругандарга жараксыз ийнелерди алып келип пайдаланган. Ушул маалыматты элге жеткирген дарыгер Светлана Мамутова министрликтин жетекчилери тарабынан кысымга алынышы мүмкүн. “Баш прокуратура бул багытта иш козгоп, изилдеп жатат. Ал эми С.Мамутова кысым көрүп калышы ыктымал. Анткени министрлик Диабет ассоциациясын пландан сырткары текшергени жатат. Кайрылууга “Кыргызтранскөзөмөл” коому, “Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору, “Психикалык саламаттык жана коом” коомдук уюму жана “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук кору кол коюшкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG