Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:30

Кара-Сууда Кытайдан келген 30 миң жумуртканын мыйзамдуулугу иликтенүүдө


«Автожолтейлөө» ишканасынын кампасында сакталып турган бул продукция контрабандалык жол менен келиши толук ыктымал. Азырынча жүктүн ээси табыла элек. "Мындан тышкары алардан куш тумоо илдети чыгабы деп да шектенип жатабыз», - деп билдирди «Азаттыкка» Кара-Суу районунун башкы ветеринардык дарыгери Сүйүн Абдуллаев. Жергиликтүү адистер мындай опурталдуу азык-түлүктөр мурда да чоң көлөмдө кармалып, бирок жиги билинбей кеткендигин айтышууда. Кыргыз Өкмөтү былтыр эле Кытайдан жумуртка жана куш эттерин алып келүүгө тыюу салган. (ATo)

XS
SM
MD
LG