Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Орусия тогуз жолдун тоомунда


 Россиянын премьер-министри Европа Парламентинин өкүлдөрү менен жолугушууда. 13-февраль 2009-жыл.
Россиянын премьер-министри Европа Парламентинин өкүлдөрү менен жолугушууда. 13-февраль 2009-жыл.

Европалык парламент депутаттары Брюсселде 12-февралда Евробиримдик менен Орусия Федерациясынын алакасына тийиштиги бар маселелерди карады. Ал жерде глобалдуу экономикалык кризистен улам Орусиянын саясий жана экономикалык абалы кыйындап кеткени талдоого алынган.

Батышка коркунуч Орусиядан келип атканын Чыгыш Европа жана Орусия боюнча эксперт Андрес Аслунд айткан. Андай жагдай өкмөт башчы Владимир Путиндин кумарчыдан кем калбаган адат менен үстөккө-босток жасап аткан кысымынан улам деп айтылган. Бирок экономикалык кризис жер шарын бүтүндөй кучагына алгандан тарта Кремль Батыш менен алакасы жайында эмес экенин көрдү.

«Путин олжого баткан эле. Бирок ал Орусия үчүн ошончо эле марыгыдай пайда жасабады. Анын режими - морт. Демек анын саясий жобосу алиге дейре тандала элек. Орусия азыр тогуз жолдун тоомунда. Анын алдында эки багыт бар. Экөө тең аны мындан да авторитардык жолго алып барат. Ал мамлекеттик капитализм жана ишке өз жакындары, жердештерин алып, аларды дайыма колдоочу система. Ошон үчүн ага Европалык Биримдик менен кызматташуунун эч кандай кажети жок. Жок, андай болбосун десе, анда биз анын (Орусиянын – ММ) саясаты менен экономикасындагы жолдун эркин болушун көрүшүбүз керек» - деген Андрес Аслунд.

Ошол эле жерде январь айынын жакасында көгүлтүр отун чатагын Киевден кол үзүп калбайын далбаса менен Москва атайылап жасады деген Аслунд. Бирок Украинага 5 миллиард доллар насыя сөгүү кебин козгоп, “Орусия беделин дүйнөлүк коомчулук алдында арттырганы турат. Эмне дегенде Кремлдин мындай кадамы «кызгылтым ыңкылап» чыккандан берки биринчи жолу жасалып атат” деген.

Европалык парламент төрагасынын орун басары Чарльз Таннок кепти улап, 18-январда Москвада жүргөн сүйлөшүүдө эки мамлекеттин өкмөт башчылары жетишкен макулдашуунун жыйынтыгын президент Виктор Ющенконун «Молотов-Риббентроп келишиминин бир түрү» деп аташын, аны менен Тимошенко-Путин жетишкен макулдашууну айыпташын сынга алган.

«Бул жерде өз өкмөт башчысына анын (Ющенконун – ММ) кадыресе эмес одураңдашы чындыкка таптакыр каршы келип тургандай. Эмне дегенде жетишилген келишим талаптагыдай эле нерсе. Гривни кыйрагандан тарта андай келишимдин баасы мурдагысынан алда канча кымбатка турат» - деген Чарльз Таннок.

Парламенттин эл аралык катнаш боюнча эксперти Андрей Вильсондун айтымында, Орусияны качан оңолор экен деп күтүп олтуруунун ордуна Еврошаркеттеги өлкөлөр өз ара катнашын бышыктап, баарыдан мурда, кошуна өлкөлөрдүн эгемендигин чыңдоо багытында иштөө зарыл.
.




XS
SM
MD
LG