Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Б.Обама: АКШда май чайнаган аткаминерлер эми таш чайнайт


АКШнын президенти Барак Обама шаршембиде өкмөттөн чукул жардам ала турган финансылык компаниялардын жетекчилеринин айлыгы жарым миллион доллар менен чектеле тургандыгын жарыялады. Бул чарадан финансы кризисинде кескин бурулуш деле болбойт, бирок ишсиз калып, үйлөрүнөн айрылган америкалыктарды өтө кубанткан мындай кадам чоң символикалык мааниге ээ жана Обаманын кризисти тизгиндөө аракеттерине колдоону күчөтөт деп болжолдонууда.

Өткөн аптада эле Барак Обама былтыр экономика аксап, өкмөт өлкөнүн ири компанияларына миллиарддаган салык төлөөчүлөрдүн акчасын сарптап жатканда, Уол Стриттеги банктар жетекчилик кызматтагы адамдарына 20 миллиард доллар өлчөмүндө сыйлыктарды бөлүштүрүп бергенин айыптаган эле.

Ушул шаршембиде болсо АКШнын президенти келечекте казна департаментинен "чукул жардам" алуу тууралуу келишимге кол койгон компанияларды жогорку кызматтагы жетекчилери жылына 500 миң доллардан ашык айлык ала албай тургандыгын жарыялады.

500 миң доллар көп көрүнгөнү менен, бул сумма Кошмо Штатарында аталган кызматтагы адамдардын айлыгынын аз гана бөлүгүн түзөт. Мисалы Крайслердин төрагасы Рик Вагонерге 2007-жылы 14 миллион доллар төлөнгөн. Ал эми былтыр декабрда бул компания миллиарддаган доллардык жардам сурап, өкмөткө кол куушуруп келди. Мындай ишканалардын жетекчилери алган айлыкка жеке менчик учактар, кымбат машиналар, акциялар, фирмага тийешелүү шөкөттөлгөн батирлер жана жыл этегинде төлөнүүчү ири сумма да кирет.

Мындай зор көлөмдөгү төлөмдөрдү Обаманын сынга алышы америкалыктардын көпчүлүгүнүн көз карашын чагылдырды:

– Ишкана жетекчилеринин азыркы экономикалык кризистин маалында өдөрүнө бул өңдөнгөн компенсация алышы уят-сыйыт маселеси эле эмес, бул стратегиянын чалкештигин да көрсөтүп турат. Мен президент катары буга жол бере албайм.

Жаңы эрежеге ылайык, эми финансы компанияларынын жетекчилери компаниядан алган ар бир тыйын үчүн отчет берүүгө тийиш болот жана мындай маалымат жарыяланып турат.

Фирма башчыларынын көпчүлүктүн түшүнө да кирбеген айлыктарын чектөө саясий жактан көрөгөч кадам экендигинде шек жок. Анткени бир жагынан ишсиз калып, үйлөрүнөн кол жууган миллиондогон америкалыктардын көксөөсү сууду, бирок мунун экономикага анчейин ысык-суугу жок.

– Бул финансылык зарылчылыктан жасалган кадам эмес. Бирок өкмөт фирмаларды куткарууга акча сарптап жаткандыктан, бул акчаны кимдер алып, аны кандай сарптап жатканына сөзсүз көп көңүл бурулат, - дейт Вашингтондогу Бруклинг институтунун экономисти Ребекка Бланк.

Мындай чаралар президенттин экономикалык куткаруу пландарына болгон колдоону да бекемдейт деп болжолдонууда. Анын аралыгында, Ак Үйдүн жарыясынан бир нече саат өтүп-өтпөй Америка банкы сегиз корпоративдик учагынын үчөөсүн, ошондой эле Нью-Йорктогу корпоративдик эки батиринин бирин сатып жаткандыгын жарыялады. Бул банктын аткаруучу директору 2007-жылы 20 миллион доллар айлык алган эле.

XS
SM
MD
LG