Өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер ашуусундагы жолдо стратегиялык маанилүү көпүрөнүн согушкерлер тарабынан жардырылышы менен Ооганстандагы эл аралык коалициянын аскерлерине керектүү жүк жеткирүүчү негизги жол үзүлдү. Пакистандык көз карандысыз журналист Фазула Шинвари окуя болгон жерден "Азаттык жана Эркин Европа " радиосуна буларды кабарлады:
- Көпүрө жардырылгандан кийин капчыгайдын эки тарабында миңдеген адамдар күтүүдө. Бийликтин эле өкүлдөрү эмес, аркы тарапка өтүүгө умтулган карапайым адамдар, анын ичинде аялдар менен жаш балдар да. Миңдеген автоунаалар, анын ичинде сыркоолорду салган тез жардам машиналары да Пакистанды көздөй жолдо камалууда. Көпүрө андан өтүүгө мүмкүн болбогондой кылып жардырылган.
Ооганстандагы америкалык жана башка чет элдик аскерлерге керектүү жүк менен күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү ушул Хайбер ашуусу аркылуу ташылат. Согушкерлердин жүк тарткан кербендерге утур-утур кол салуусу бул ишти буга чейин эле кыйындаткан.
Бул аралыкта Пакистандын өкмөттүк күчтөрү Хайбер ашуусунун түндүк-чыгышындагы Сват чөлкөмүндө согушкерлерге каршы операция өткөрүүдө. Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, өткөн түнү кеминде 35 согушкер жок кылынды.