Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Феликс Кулов экономикалык тартип орнотууну көздөйт


Ал “Акыйкат экономикалык тартип” деп аталган коомдук бирикме түзүү максаты тууралуу бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Феликс Куловдун журналисттерге айтканы боюнча дүйнөлүк кризистин шартында Кыргызстандын экономикасын стабилдүү өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары экономиканын рааттуу өнүгүүсүн камсыздоого, элдин кызыкчылыгы үчүн экономикалык реформаларды жүргүзүүгө адилеттүү шарттарды түзүү зарыл. “Акыйкат экономикалык тартип” коомдук бирикмеси ишкерликти өнүктүрүү жана менчикти коргоону максат кылат жана саясий максатта түзүлгөн жок, дейт Феликс Кулов. Анын айтуусунда экономикада стабилдүүлүк болсо, саясатта да тынчтык болот. Аталган бирикменин мүчөлөрү жана жетекчилик курамы азырынча белгисиз.(ZKo)

XS
SM
MD
LG