Бириккен Элдик Кыймылдын активисттеринин бири Топчубек Тургуналиевдин бүгүнкү “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, кыймылдын лидерлери уюшулгандан кийинки алгачкы жыйынына жума күнү чогулуп, анда уюштуруу маселелери жана кабыл алына турган документтер талкууланат. Курамына 5 кыймыл жана 7 саясий партия кирген оппозициялык БЭК уюму 24-декабрда түзүлгөн. Алар азыркы президентти мөөнөтүнөн мурун кызматынан кетирип, Кыргызстанга жаңы бийлик системасын орнотууну көздөп жатышат.(AiT)