Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

А.Жекшенкулов: Курултай бийликти алмаштырууну жактайт


Kyrgyzstan -- Foreign Minister Alikbek Jekshenkulov, 05Oct2006
Kyrgyzstan -- Foreign Minister Alikbek Jekshenkulov, 05Oct2006

29-ноябрдагы оппозиция курултайында бийликти алмаштыруу маселеси курч коюлушу күтүлүүдө. Курултайдын максаты тууралуу Аликбек Жекшенкулов “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салды.

“Азаттык”: -29-ноябрга белгиленген курултайдын күн тартиби бекитилдиби? Анда кандай маселелер карала турган болду?

А.Жекшенкулов: -Ооба бекитилди. Негизинен эки чоң маселе каралат. Биринчиси, бүгүнкү саясий-экономикалык кризис, экинчиси, оппозициясы сунуштаган Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы. Төрт доклад жасалат. Партия лидерлери Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Бакыт Бешимов жана Советбек Жамалдинов ушул маселелер боюнча сөз сүйлөйт. Андан кийин талкуу болот.

“Азаттык”: -Азыркы кезде сиздердин кыймыл менен Элдик революциялык кыймылдын кызматташуусу кандай абалда жана келечекте кандай болот?

А.Жекшенкулов: -Биз накта оппозиялык күчтөр менен сөзсүз кызматташабыз. Бирок оппозицияда жүрөбүз деген кээ бир жарандар маалымат жыйынын уюштуруп, “Акыйкат үчүн” кыймылды эл колдобойт, бизди колдойт деп жатышат. Мен ойлоймун, бул бийликтин саясий технолоктору жасап жаткан иштер. Эгерде чынында эл үчүн, мамлекет үчүн деген оппозиционер болсо, биз алар менен бирге болобуз. Анткени максатыбыз бир. Биздин максатыбыз бийликти алмаштыруу, системаны алмаштыруу, элдин турмушун оңдоо.


“Азаттык”: -Акыйкатчы Турсунбек Акун бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог уюштурууну жактап жүрөт. Андай диалог болушу мүмкүнбү? Болсо кандай шартта болушу ыктымал?

А.Жекшенкулов: -Эгерде бийлик системаны биздин концепцияда каралгандай өзгөртүп, кыргыз эли, кыргыз мамлекети үчүн жакшы кадамдарга барса, сүйлөшүүгө болот. Бирок андай болоруна биз ишенбейбиз. Бүгүнкү бийликте болуп жаткан, өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушунда болуп жаткан абалды карап, андай кадамдарга бийликтин кудурети жетпесин көрүп турабыз.

“Азаттык”: - Төрт доклад жасалат экен. Алардын ичинде кандай саясий маселе көтөрүлөт? Сиздердин топтун цивилизациялык жол менен күрөштү тандап алганын талдоочулар белгилеп жатышат. Ушул өңүттөн алганда, 2010-жылдагы президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкер менен чыгуу жөнүндө сөз болушу ыктымалбы?

А.Жекшенкулов: -Биз бул маселени лидерлер ортосунда талкуулаганбыз. Биздин оюбузча, бул маселе азырынча быша элек. Ошон үчүн эң негизги маселе-бүгүнкү бийликтин ишине баа бериш, концепцияны бекитиш жана талаптарды коюш.

“Азаттык”: -Аликбек мырза, сиздин уулуңуз Беккулга каршы тартип коргоо органдары тарабынан иш жүргүзүлүп жаткан. Азыр ал иштин абалы кандай?

А.Жекшенкулов: -Элге ачык эле айтып коеюн, мен уулумду Москвага кетирип жибергенмин. Анткени булар тымызын, эч кандай факты жок эле уулумду камайбыз деп чыгышкан. Ошон үчүн жаш баланы “сындырып” койбосун деп, Москвага жөнөткөм. Ошондуктан булардын колунан эч нерсе келбей, унчукпай калышты. Анткени фактылар жок, далили жок.

“Азаттык”: -Курултай тууралуу дагы бир суроо, жыйынтыктоочу документтер тууралуу айта кетсеңиз, анда бийликке кандай талаптар коюлат?

А.Жекшенкулов: - Биринчиден, энергетиканы сатпоо маселеси коюлат. Экинчиден, концепция бекитилет. Үчүнчүдөн, азыркы бийликке ишеним маселеси коюлуп, албетте ишенбейбиз деп курултайдын катышуучулары чыгышат. Маселени мына ушундай өңүттө бизге келип жаткан адамдар учурда коюп жатышат. Ошого жараша курултайдын чечимдеринин долбоорлору даярдалып, алар кызуу талкууга алынууда. Бул бийликти алмаштырабыз дегендер бар. Жок, азырынча эрте дегендери да бар. Бирок алмаштырууну жактагандар көпчүлүк болууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG