Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Кеминдеги райондук оорукананын ишине нааразы болгондор көп


Бул туурасында жергиликтүү тургундар менен жолуккан учурда билдиришти. Алардын айтымында, райондук оорукананын шарты талапка жооп бербейт жана көпчүлүк дарыгерлер өз ишине кайдыгер мамиле жасашат. Жакында Кемин шаарчасынын 22 жаштагы тургунун кургак учук деп даарылашкан. Бирок Бишкектеги дарыгерлер анын менингит оорусуна чалдыкканын аныктап, тилекке каршы өмүрүн сактап кала албай калышкан. Жергиликтүү эл мындай учурлардын бир катарын санап беришти. Бөтөнчө жаш келиндерди операция жолу менен төрөтүү арбын, анткени ал үчүн дарыгерлер акча алышат. Бирок оорукананын башкы дарыгери Жумакадыр Сопиев мындай маалыматты четке какты. Себеби бул аралыкта дарыгерлердин кайдыгерлигине жана кызматы үчүн элден акча алуусуна байланыштуу бир дагы арыз түшкөн эмес. (JJ)

XS
SM
MD
LG