Бул тууралуу бүгүн өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков парламенттин отун-энергетика боюнча комитетинде билдирди. Анын айтымында, өзү жакында жаңы конуштарды кыдырып чыкканда үч үйдүн эле мешинен түтүн чыгып, калгандары үйдү жылытууда жана тамак-аш бышырууда электр кубатын пайдаланышууда. Балкыбеков жаңы конуштарда электр кубаттуулугу көп уурдалып жаткандыктан, ал жерлерде электр жарыгын өчүрүү керек деп эсептейт.(AJ)