Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоор даярдалууда


Аталган мыйзамдын долбоору учурда парламентте талкууланып жаткан дин боюнча негизги мыйзам кабыл алынгандан кийин коомчулуктун талкуусуна коюлмакчы. Дин иштер боюнча агенттиктин статс-катчысы Шайлообек Үркүмбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче азыр атайын жумушчу топ түзүлдү. Диний окуу жайларда бирдей стандарттарды иштеп чыгуу иштери дин жамааттарына тапшырылды. Мыйзам долбоорго ылайык диний окуу жайлардын ишин көзөмөлдөп жөнгө салуу атайын кеңешке тапшырылат. Анын курамына дин аалымдары, Дин иштер боюнча агенттиктен, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү кирмекчи. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда элүүдөй диний окуу жайы бар жана алардын дээрлик баардыгы Билим берүү министрлигинин каттоосунан өткөн эмес, лицензиясы жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG