Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

БИЙЛИК-ОППОЗИЦИЯ: ТАРАЗА ТАШЫН КИМ БАСАТ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусунун коомчулугу оппозициянын алсыз болуп калгандыгын белгилешүүдө. Эл өкүлдөрүнүн айтымында оппозиция элге кызмат кылбай, саясий иш-чараларда аракеттенип, дайыма күз менен жазды күтүшөт. Кызматка келген оппозициянын өкүлдөрү иштей албай жатканын президент К.Бакиев Жалал-Абат облусуна келгенде да билдирген. Оппозициянын облустагы өкүлдөрү мындай пикирлерге караманча каршы. Алардын белгилешинче бийликтин кадр саясатында алешемдик көп, элдин ага ишеними азаюуда. Өлкө саясий-экономикалык кризисте турат. Коркутуу-үркүтүүлөргө карабай эл ичинде бийликке нааразы болгондор арбын.

Жергиликтүү өкмөттүк гезиттер оппозициялык саясатчыларды байма-бай сынга алууда. Кызматка чакырылган бийликтин сынчылары конкреттүү жумуш берилгенде аны аркалоого алы жетпей калганын Жалал-Абатка келгенде облустун активинин алдында чыгып сүйлөгөн президент К.Бакиев да белгилеген болчу:

- Сөз менен иштин ортосунда бир топ айырмасы бар. Бир конкреттүү участка бергенден кийин кана тартчы айланайын мобу жерди десек, сүйлөй албай калды. Бирок трибунага чыгып алып эле кыйкырып сындай берген, ал жакшынакай окуп, даярданып алса, өзүбүзчө айткандай каллясы иштесе сүйлөй берет, - деп айткан эле өлкө башчысы К.Бакиев.

Облустун өзүн коомдук ишмер атаган Максат Абдыкаимов мурда оппозициядагы кишилер менен үзөнгүлөш болуп, көз караштары дал келбегенде алардан кол үзгөнүн билдирди. Анын айтымында 3-4 адамдын башын кошкондор партия түзүшөт да, шайлоо-референдум, же башка саясий акциялар маалында элди эстешет. Ага дейре алардын караламан калк менен жумушу жок:

- Аларды элдин башын айландырчу апийим деп эсептейм. Президенттик, депутаттык шайлоолордо гана эл керек болот аларга. Фирмалары, чет өлкөлөрдө ишкердиги, көп дүкөн, кафе-ресторандары бар. Ошонун эсебинен алар элди убагы келгенде мен президент бололам деп көкүрөгүн урат. Чынына келгенде алардын аркасында эч ким жок. Алар азыр күздү, жазды күтүп жатышат, - деп айтты Максат Абдыкаимов.

Бирок мындай пикирлер менен коомдук парламенттин өкүлү Советали Сеитбеков макул эмес. Советали ыңкылаптан кийин Ноокен районун башкарып турган. Президенттин пикирин четке каккан экс-акимдин көз карашында кызматка чакырылган оппозициялык саясатчылар алданганын түшүнгөндөн кийин аны менен иштешүүдөн баш тартышты, айрымдары түркүн шылтоо менен кызматынан кетүүгө мажбур болушту. Бийлик оппозициянын кеп-кеңешине кулак салбаганы үчүн өлкө азык-түлүк, энергетика кризисине кабылды:

- Эл тарабынан мен шайланган болчумун. Бир жыл иштедим, бир жылдан кийин эч кандай себепсиз, мени менен эч ким сүйлөшпөй туруп эле иштен алып койду. Ошол мезгилдеги данныйларды алып көрсөңөр, Жалал-Абат облусу боюнча Ноокен району бардык көрсөткүчтөр боюнча эң алдыда кетип аткан район болчу. Эмне себептен иштен алдыңар, эмне деп айтсаңар элге деп губернатор Айдаралиевге айтсам, мен билбейм, мен солдатмын деп менин колума Указды карматып койгон, башка колуман эч нерсе келбейт деп айткан. Бүгүнкү күндө элдин ичинде кайрадан биз жанылыптырбыз, Бакиев менен «Ак жолго» ишенип ушул акыбалга келип атабыз. Кымбатчылыкты көрүп атабыз, 4-5 эсе кымбаттап кетти бардык нерсе. Азыр элдин ичинде оппозицияга болгон ишеним күндөн күнгө күчөп атат.

Бийликке ишенбегени үчүн кийин сунуш этилген кызматка барбай койгонун билдирди экс-аким Советалы Сеитбеков.

«Ата Мекен» партиясынын Базаркоргон районундагы баштыгы Олжобай Боронбаев элдин бийликке болгон ишеними азайып баратканын төмөндөгүдөй белгиледи:

- Оппозициянын таасири жер-жерлерде жок деген пикирге мен кошулбайм. Элдер бардыгы эле түшүндү, оппозициянын эл арасында орду бар, азыр бизде оппозиция күчтүү. Бийликке элдин болгон ишеними жоголуп баратат күндөн-күнгө, -деди Олжобай Боронбаев.

Аталган партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин көз карашында оппозициянын унчукпай калганы убактылуу көрүнүш. Анын алсызданышы өлкөдөгү саясий-социалдык-экономикалык абалга жараша болууда. Бийликтин учурдагы саясий-экономикалык кризисти жөндөй албай, улам дүйнөлүк абалга шылтай салышы-түрдүү кризистен алып чыгуунун жол-жобо ыкмаларын билбей, таппай калганын туюнтат. Бийликтин сөзү менен иши дал келбестигин үч жылдык убакыт таасын айкындады деп айтты Асылбек Текебаев:

- Жалаң гана оппозиция эмес, бүткүл Кыргызстандын эли азыркы бийликке, президентке нааразычылыктарын билдирип, жер-жерлерде нааразылык акциялары башталып жатат. Азыркы күндө бийлик тарабынан оппозициянын, саясий партиянын мүчөлөрүн, журналисттерди, прогрессивдүү жаштарды, адамдарды коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабастан ушул окуялардын, акциялардын болуп жатышы бүгүнкү күндөгү бийликтин туура эмес саясатын билдирет.

XS
SM
MD
LG