Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу БУУнун Башкы жыйынында сөз сүйлөдү


Өз сөзүндө мамлекеттик катчы Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону Кыргызстан да колдоорун, аны реформалоодо аймактык, географиялык жагдайларды да эске алууну өтүндү. Мамкатчы Кыргызстанда кийинки мезгилде табигый кырсыктар, жер титрөөлөрдүн көп болгонун белгилеп, жартылыш кырсыктарынын кесепетинен өлкө аймагындагы уулу заттар көмүлгөн жайларга коркунуч туулуп жатканын айтты. Ал ошондой эле БУУнун жана жыйынга катышып жаткан өлкөлөрдүн жетекчилерин президент Курманбек Бакиевдин 20-февралды Социалдык теңдик күнү деп кабыл алуу сунушун колдогондоруна ыраазылык билдирди. Борбордук Азияны өзөктүк куралсыз эркин аймак катары кароону Кыргызстан колдой тургандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG