Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарага премьер-министр Игорь Чудинов, мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол, БШКнын төрагасы, баш прокурор жана акыйкатчы чакырылган. Маалымдалгандай, иш-чарада Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаев жана чакырылган коноктор сөз сүйлөшөт. Мындан тышкары депутаттар 24-августта “Боинг-737” учагынын кыйрашында каза болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскеришет. Депутаттар үч күн комитеттерде иштешет ал эми бейшемби, жума күндөрү Жогорку Кеңештин отуруму болот. (AiJu)