Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Ооган президенти Хамид Карзай карапайым адамдардын өлүмүнө алып келген аба соккуларын айыптап чыкты


Ооган өкмөтүнүн маалыматына караганда, АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн Герат вилаейинде Шинданд ооданында жасаган бейшемби күнкү аба соккусу 76 адамдын өмүрүн алды, алардын ичинде аялдар жана балдар көп болгон. АКШ баштаган эл аралык коалиция өз кезегинде бул факты боюнча иликтөө жүргүзөрүн билдирүүдө. Алардын жүйөөсүндө, алардын аба соккусунан талип козголоңчулары гана набыт болгон. Ошондой эле бүгүн Ооганстандын түндүк чыгышындагы Каписа вилайетинде америкалык аскерлер талиптер менен кагылышып, алты жоочуну өлтүрүшкөнү кабардалды.

XS
SM
MD
LG