Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

АРМЕНИЯНЫН МУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТИ ОППОЗИЦИЯНЫ БАШ КОШТУРУУДА


Үстүбүздөгү жылдын 1-мартында Армениянын баш калаасы Ереванда коопсуздук күчтөрү жана полиция мурдагы президент Левон Тер-Петросянды колдоп чыккан миңдеген адамдардын митингин күч менен тараткан. 19-февралда өткөн президенттик шайлоодо расмий маалыматтар боюнча ошол кездеги премьер-министр Серж Саркисян 52.82 пайыз добуш менен алдыга озуп чыккан. Мына эми андан бери туура 5 ай өткөн соң, 1-августта Тер-Петросяндын миңдеген тарапкерлери кайрадан Ереванда чогулуп, Саркисяндын кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүсүн талап кылышты.

“Кетсин! Кетсин!” деп кыйкырып турган миңдеген демонстранттарды 1-2-март күндөрү полиция күч менен тараткан маалдагы кагылышуулардан 10 адам набыт болгон. Левон Тер-Петросян болсо үй камакка алынып, парламент жыйындарга тыюу салган мыйзам кабыл алган. 11-июнда гана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын кысымы алдында митингге чектөөлөр алынып ташталган.

Ошол күндөрү оппозиция лидери Тер-Петросяндын көптөгөн тарапкерлери камакка алынган. Алардын айрымдары кийин бошотулганы менен, оппозициялык маанайдагы үч депутат, мурдагы тышкы иштер министри жана 70ке чукул саясатчы дагы эле абакта сот чечимин күтүүдө.

Армениянын Улуттук кыймылын Левон Тер-Петросян мындан 19 жыл мурда негиздеген. Бул кыймылдын 2-майда Ереванда өткөн курултайында Тер-Петросян 1-марттагы кандуу кагылышуулар үчүн ошол кездеги президент Роберт Кочарян жооптуу деп айтат. Тер-Петросян өз сөзүндө “Роберт Кочарян тынч митингчилерге карата күч колдонуп, ок ачууга буйрук берген жалгыз аткаминер” деп билдирип, “президенттин мураскери Саркисян Кочарянды токтотуп калышы керек эле” деп кошумчалайт.

Саркисян жеңишке жеткен февралдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын таануудан баш тарткан Тер-Петросян, ошол эле учурда жаңы президент түзгөн өкмөт “реалдуу саясий фактор” болгонун да мойнуна алууда. Оппозиция лидери Тер-Петросян эгерде бийлик Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын талабын орундатып, өзүнүн 1-мартта камакка алынган тарапкерлерин бошотсо, бийлик менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтат.

Өз сөзүндө Тер-Петросян бийлик менен диалог көзгө алынарлык реформаларды жүзөгө ашырууга жана саясий ишмердүүлүк үчүн дурус шарт түзүүгө өбөлгө болорун белгилейт. Ошол эле учурда оппозиция лидери ички саясий төңкөрүшкө жана өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетирчү кадамдарга барбай турганын кошумчалаган.

Май айынын башынан бери Тер-Петросян төрт нааразылык жыйынын уюштурду. Биринчи митинг июндун башында өлкөнүн түндүгүндөгү Гүмри шаарында, калган үч митинг – ордо шаар Ереванда, 20-июнда, 4-июлда жана 1-августта өттү. Ереван шаар бийлиги митинг уюштурууга тыюу салганы менен полиция үч жолу тең демонстрацияга чогулган элди таркаткан жок. Кабарларга караганда, 20-июнь жана 4-июлда митингге 8 миңден 10 миңге чейин, ал эми 1-августта 10 миң менен 20 миңдин тегерегинде адам чогулган.

20-июнда Еревандагы митинг учурунда Тер-Петросян бийлик менен президенттик жана парламенттик эрте шайлоолор тууралуу гана сүйлөшүүгө даярдыгын эскертти. Эки аптадан кийин 4-июлда Тер-Петросян президент Саркисянга кайрылып, камакка алынган тарапкерлерин бошотуу жана 1-марттагы митинг учурунда кагылышууга айыптуу деп эсептеген 3 аткаминерди кызматтарынан алуу үчүн бийликке 4 апталык мөөнөт берди. Кызматтан четтетилүүгө тийиш болгондор - өкмөт башчынын орун басары Армен Геворгиан, Саркисяндын шайлоо штабынын башчысы Ховик Абрахамян жана башкы прокурор Агхван Ховсепян. Буга чейин прокурор Ховсепян оппозиция лидери Тер-Петросянды марттагы кагылышуу үчүн айыптуу деп билдирген болчу.

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы президент Серж Саркисянга оппозициянын тарапкерлерин камактан бошотуу жана митинг учурунда орун алган кагылышууну иликтөө үчүн 2009-жылдын январь айына чейин мөөнөт берген, бирок президент Саркисян аны кабыл албады.

1-августтагы митингде бул жагдай да курч талкууга алынды. Митинг маалында Армениянын Улуттук Конгресси аталган жаңы оппозициялык блок түзүлдү.

Бул соңку митингдин катышуучуларына кайрылып, Тер-Петросян президент болгонуна 100 күн толгон Саркисяндын ишин кескин сынга алып, элди Саркисянды кызматтан кетирүүгө үндөдү:

- Биз Саркиясындын кызматтан кетүүсү үчүн күрөштү улантабыз жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо биздин кыймылдын урааны болот.

Тер-Петросяндын оюнча, Серж Саркисян авторитардык режимди гана чыңдоодо:

- Бийликке келгенден бери 100 күн аралыгында Серж Саркисян өтөсүнө чыгып жасаган жападан жалгыз иш – бул демократиялык эркиндикти чектеп, адам укугун системалык түрдө бузуу иши гана болду.

Армян оппозициясынын кийинки нааразылык жыйыны 5-сентябрга белгиленди.

Ал эми армян өкмөтү болсо кеңири реформалар өткөрүүгө жана коррупцияны ооздуктоого убада кылууда.

XS
SM
MD
LG