Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

18:05 Ысык-Көл облусундагы 169 мектепте көмүр менен жылытуу системасын куруу керек


Каракол шаарындагы Чыгыш электроакционердик коомунун башкы директору Рыскул Мухамеджановдун маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунда жалпы 194 орто мектеп бар. Анын 24 гана көмүр менен жылытууга ылайыкталган. Адистин айтуусунда 169 мектепке отун менен жылытуу системасын кайра куруп чыгуу- эбегейсиз каражатты талап кылат. Мисалы 3 кабаттуу бир эле мектепке - орто эсеп менен 3 миллиондой сом керек. Ошондуктан көмүр менен жылыта турган мештердин санын үнөмдөө үчүн кайра текшерүү башталды. Бирок жаңы окуу жылына бир айдай гана убакыт калса да, кышкы камылгага ким канча каражат бөлөөрү аныктала элек. Ал эми облустун губернаторунун орун басыры Калыбек Алышпаев 25-августта бардык мектептер кышка даяр болооруна кепилдик берди. (RB)

XS
SM
MD
LG