“Дасмия” ресторанында жазуучунун өмүр баянын, чыгармачылыгын камтыган “Тоолор кулаганда” деген аталыштагы даректүү тасма көрсөтүлүп, андан соң кыркылыгы салттуу түрдө өткөрүлүп, куран окулат. Бул тууралуу маданият жана маалымат министри Султан Раев “Азаттыкка” билдирди. Германиянын Нюрнберг шаарындагы ооруканада жаткан Чыңгыз Айтматов катуу оорудан улам 10-июнда кечке маал дүйнө менен кош айтышкан. Жазуучу 16-майда орусиялык телеканал тартмакчы болгон өзү жөнүндөгү даректүү тасмага тартылуу үчүн Татарстанга барган учурда ноокастап, Казан шаарындагы ооруканага жаткырылган жана көп өтпөй Германиядагы Нюрнберг клиникасына которулган эле. Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда таланттуу жазуучу катары дүйнөгө таанылып, мыкты чыгармалары үчүн бир катар жогорку сыйлыктарды алган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 154 тилине которулуп, 20 миллион нуска менен чыккан. Жазуучу быйыл жыл этегинде 80 жашка толмок. Буга байланыштуу Кыргызстанда быйылкы жыл Айтматов жылы деп жарыяланган. (AJ)