Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:15

ЖАЛАЛАБАТ: КООМДУК ПАРЛАМЕНТЧИНИ БЕШ АЙДАН БЕРИ ЭЗИП ЖАТЫШАТ


Коомдук парламенттин облустагы мүчөсү Жылдыз Эргешовага өткөн жылдын 21-декабрында кылмыш иши козголгон. Ал бирөөнүн паспортун тартып алган жана тоноочулук кылган деген шек менен сурак берүүдө. Анын белгилешинче парламенттик шайлоо кыйла мыйзам бузуулар менен өткөн. Кошумча добуш берүү үчүн бюллетень берилерде паспортун кармап алганы үчүн тергөө ишинин жүрүшү туура эмес. Жылдыз Эргешовага байланыштуу кылмыш ишин жүргүзгөн Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Анарбек Асранов анын айткандарын телефон аркылуу төгүнгө чыгарды. Жылдыз Эргешова менен облустагы кабарчыбыз маектешкен.

-Жылдыз Эргешовна, сиз декабрда “Ата мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болдуңуз. Бирок шайлоодон кийин сизге карата кылмыш иш козголуп, ушу тапта да сурак берип жүрөт деген маалымат уктук. Чын-төгүнүн өзүңүз баяндап берсениз?

-16-декабрь күнү Жогорку Кеңешке парламенттик шайлоодо жетиден 15 мүнөт өткөн мезгилде ар бир шайлоо участкаларында башаламандык болгон. Студенттерди машиналар менен участкадан участкага ташый башташкан. Ошол мезгилде байкоочулардын атынан коммерциялык институттан бизге арыз түшкөн. Башаламан болуп атат, бизге акты түзгөнгө такыр мүмкүнчүлүк бербей жатышат, участкадан чыгып кетүүбүзгө бардыгы зордук-зомбулук көрсөтүп атышат деп. Ошол мезгилде мен шайлоо участкасына барсам, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү паспортуна карабастан ар кандай шылтоолор менен эле тизмеде жок адамдарга бюллетень берип кол койдуруп аткан. Жороева Салима деген паспорту боюнча өзү Аксынын тургуну болгон, шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага башка бир фамилиянын ордуна кол койдуруп бюллетень берип аткан мезгилде, мен өз колум менен кармап, байкоочулардын жанына барып, ал жерден биз акты түзгөнбүз. Ошол мезгилде Салима деген кыз өзү жоголуп кетти. Убагында паспортун биз кайрып бере албай калдык. Эртеси күнү байкоочулар тарабынан паспортту участкалык милицияга алып барып бергенбиз. Кайра кайрып берели деп акты түзүп, ксерокопиядан өткөрүп алганбыз. Ошол мезгилде мени шайлоо участкасынан зордук-зомбулук менен эки чоң жигит сиздин жашоодон үмүтүңүз барбы деп участкадан чыгарып коюшту.

-Шайлоого байланыштуу ачылган кылмыш иши эмне деп аталат?

-Андан кийин 11-январь күнү мага тергөөчү чакырып атат деп участкалык милиция келди. Шайлоо участкага келген кыздардын паспортун зордук-зомбулук менен алып койгонсуз деген 197-статья коюшуптур.

-Чын эле сиз шайлоодо бирөөнүн паспортун тартып алдыңыз беле?

-Ал мезгилде шайлоо участкасына ал жерде каттоосу жок адамдарга кирүүгө мүмкүнчүлүк жок болчу. Ал кыз көп студенттер менен шайлоо участкасын кыдырып жүргөн мезгилде кармалып атат.

-Сизге байланыштуу тергөө жана сурак иштери мыйзамдуу жүрүп жатабы, же укугуңуз бузулуп атабы?

-Азыркы күндө 5 ай болду тергөөчү тергеп келатат. Ал кааласа чакырат. Кечээ жакында да мени чакырган экен, барсам сотко өткөрөм деп мени коркутуп келет. Болбосо бүтүрүп койбойлубу деп гана айтат, башка эч нерсе айта албайт. Моралдык гана зыян келип атат азыркы күндө.

-Сиз мүчө болгон “Ата Мекен” партиясынын башка өкүлдөрүнө, Коомдук парламенттин облустагы айрым мүчөлөрүнө бийлик менен мекеме-уюмдардын жасаган мамилеси кандай болууда? Партия башчысы буга дейре кысым көрсөтүүлөр болуп жатканын айткандай болду эле. Бул жагдайда өзгөрүү барбы?

-Мен андан кийин дагы шаардык прокуратуранын өзүнө кайрылдым, ушундай тергөөчү туура эмес статья менен иш козгоп атышат, бул тоноочулукка кирбейт, тиги кыз законду өзү бузуп атат деп. Барсам сиз “Ата мекен” тарабынан коюлган турбайсызбы деген сөздү айтышты. Атамекенчилер азыр кайсы жерге барса дагы бардык тоскоолдуктар болуп атат. Алар эч жака бара албайт, иштейин десе ишке кире албайт. Мына ошол тергөөчү дагы жаш кызды коркутуп, ушул эженин үстүнөн иш козгойбуз, сиз жазып бериңиз, коркпой эле коюңуз, эч нерсе кылбайт сизди, артыңызда мен өзүм турам деп арызды жаздырып алган. Кийин ал кыз мага жолугуп, эже мен ушундай деген болчумун, менин сизге эч кандай доом жок деп кат жазып берген. Ошого карабастан тергөөчү мени чакырып, акыркы күндө тергөөчүнүн үстүнөн туура эмес берене коюлган деген арызды жазгандан кийин ал кыз менен тергөөчүнүн тили бир болот дагы, ал кызды Орусияга качырып жиберет. Азыркы күндө ал кыз жок.

-Өзүңүзгө ачылган ишти кандай иш деп баалап атасыз? Саясий мүнөздөгү ишпи, же чын эле кылмыш ишиби?

-Азыркы күндө мен үчүн караңгы болуп калды. Эгерде кылмыш иши боло турган болсо, ала турганын алып ачык айтып жеп алат беле деп ойлоп атам. Аркасында тургандардан коркуп атышабы, бул саясий иш окшойт деп ойлоп атам.

-Жообунузга чон ырахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG