Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:28

ПРЕЗИДЕНТТИН КАДР САЯСАТЫ ЭЛ ИШЕНИМИН АКТАЙБЫ?


Жалалабат облус бийлигинин “президент кадр саясатын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9B465E6F-3D16-441E-9A3C-45BED3122103.asp туура жүргүзүүдө” деген пикирине саясий партиялардын Жалалабатагы башчыларынын көз караштары ар түрдүү. “Асаба” партиясынын облтөрагасы президенттин айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын таза иштерине көзү жетпей, кадрларды даярдоочу институт түзүүнү сунуш кылды. “Кыргызстан Социал-демократтар” жана “Ата мекен” партияларынын облбашчыларынын көз карашында кадрдык орун алмаштыруулар ал багыттагы маселени убактылуу гана чечкендей болду.

Президенттин айланасы март ыңкылабынан кийин да Акаевдин кызматкерлеринен арылган эмес. Ошол бөксөөлүктү жакындагы кадрдык орун которуштуруулар толтургансыды. Өлкө башчысы кадр саясатын туура жүргүзсө гана кемчилик кетирбейт. Ушундай көз караштагы “Асаба” партиясынын облтөрагасы Бекмолдо Чотонов бийликтеги адамдардын таза иштерине көзү жетпей тургандыгын билдирип, кадрларды жаштайынан даярдай турган мекеме ачуу жагын сунуш кылды:

- Акаевчыларды жолотпош керек. Себеби алар буга чейин кыргыз мамлекетин отургузган, дагы да болсо биздин президенттин башын айландырып дагы отургузуп коюшу мүмкүн. Туура чечим кабыл алып, туура иш жүргүзүш керек. Эгерде жашыруун сыяктуу элдешип, өзүнчө саясат катары жүргүзүп жаткан болсо, анда бул Бакиевдин катасы деп эсептейм. Мурдагы бийликте турган төбөлдөргө мен ишене албайм. Буга чейин да алар акаевчылардын айланасында жүргөн адамдар болчу. Таза, эл үчүн кызмат кылган жетекчилер жок. Президент ойлонушу керек. Кадрларды даярдай турган институттар керек.

Кыргызстан Cоциал-демократиялык партиясынын облустагы координатору Нурбек Касымбековдун баамында, жогорку бийликтеги кадрдык өзгөрүүлөр “Ак жол” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаттарынын өз ара пикир келишпестиктеринен улам жасалды:

- “Ак жол” фракциясынын ичиндеги депутаттардын, өзгөчө алардын лидерлеринин тил табышпагандыгы себеп болду деп ойлойм. Президент ошону эске алды окшойт, Ибраимовага башка кызматты сунуш кылып, ушул конфликтти убактылуу маанисин төмөндөттү. Ошондуктан бул убактылуу нерсе, менимче көз караштардын өтө кескин келишпестиги болушу мүмкүн.

Бирок өлкө турмушундагы кадрдык жаңы дайындоолор учурдун башкы маселеси эмес. Орун которуштуруулар парламенттеги “Ак жол” фракциясынын ичара чыңалуусун жумшартуу максатын көздөгөндөй болду. Кадрлык өзгөрүүлөр өлкө алдында турган саясий-социалдык-экономикалык оор кырдаалды оңоп жиберерине ишенүү кыйын. “Ата Мекен” партиясынын облтөрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыпов президент жаңы дайындоолор менен өз позициясын бекемдеп алды деп эсептейт:

- Кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү менен президент эки маселени бир эле мезгилде чечти. Биринчиси, “Ак жол” фракциясынын ичинде болуп аткан бөлүнүп-жарылууларды басаңдатты. Экинчиси, армияда өз позициясын бекемдеди. Себеби мамлекеттин ичинде кандайдыр бир террористтик, же ушундай өтө күчтүү экстремалдык абал болуп кетсе пайдалануу тууралуу мыйзамга өзгөртүү кирсе керек эле. Президент ушул эки өзгөртүү менен бир топ өзүнүн позициясын бекемдеп алды. Бирок бул жалпы өкмөттүн иш аракетине, же Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалынын алдыга жылышына анча деле таасирин тийгизбейт.

Бакиевдин күч тармагын реформалоо саясатын кубаттаган облбийликтин бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов президент кадр саясатын туура жүргүзүп жатканын, аны өлкө калкы чогуу колдоо керектигин жана кызматка жаңы дайындалгандар ишенимди актаарын билдирди:

- Коомго, мамлекетке жаңылануу керек. Азыркы мезгилде президенттин саясаты, мамлекеттик бийлик курс алды, пароход жээктен жылды. Азыркы мезгилде президент Бакиевден өткөн лидер жок. Мамлекеттик тажрыйбасы боюнча дагы, экономикалык кадры жагынан дагы жүргүзүлүп аткан саясатын азыр эл колдоп атат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG