Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:09

ЖАЛАЛАБАТ: КЫМБАТЧЫЛЫК КЫСЫП БАРАТАТ


Облус жарандары азык-түлүк баалары кымбаттап, --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/39058908-9260-4DEC-9AE8-0BD9ED9F4B84.asp пенсия жана жөлөк пул, айлык маяна менен жашоо оор болуп жаткандыгын айтышууда. Алардын белгилешинче баа бир нече өстү. Облбийликтин агрардык бөлүмү калкты дан-ун азыктары менен камсыз кылуунун аракеттери көрүлүп жаткандыгын билдирет.

Калк жашоосуна керектүү бардык каражаттардын баалары текши өсүүдө. Аны ооздуктоого эч кимдин алы жетпей калды. Бир айга чамалаган эле убакытта облус базарларындагы бир кабы 1200 сом болгон унга 300 сом кошулуп, ушутапта ал 1500 сомго бааланууда. Баалар эпсиз көтөрүлгөнүнө Базаркоргон районунан Зор Камбаров аттуу жаран бийликке нааразы болуп, анын эл үчүн кызмат кылганына күмөн санап калды. Анын пикиринде өлкөдөгүлөрдүн жашоосун элдир-селдир иштеген ишканалар, өнүмсүз болгон тармактар эмес, турмушун оңдойм деп, сырт өлкөлөрдө кабыргасын карч уруп иштеп жүрүшкөн эмгек көчкүндөрү бир аз жеңилдетүүдө:

- Бир кап ун бир жарым миң турат деген кандай нерсе. Мурунку өкмөттү бары-жогу кымбаттап атат деп жамандайт элек. Ун ошондо 320-350 сом эле. Азыр беш эсе көтөрүлүп кетти. Аны эч ким айтпай атат. Картошка 15-20 сомго, май 100 сомго чыгып кетти. Булар эл менен эсептешпейт. Булар элдик партия, элдик революция, элдик өкмөт деп калп эле айтат. Мунун бардыгы сөз жүзүндө гана калып атат.

Кары-картаңдар менен мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, социалдык коргоого муктаж болгондор менен жумушсуздардын, казыналык мекемелерде иштегендердин жашоосун жөлөк пул менен пенсияга жана эмгек акыларга болгон өп-чап кошумчалар жакшыртып ие албады. Уул-кыздары Орусияга иштегени кетип, алардын төрт баласын багып олтурган Ноокен районундагы Тагай Калдаровдун айтымында миң сомдук пенсия эч нерсеге татыбай калды:

- Азык-түлүк баалары кымбат, миң сом менен базарга барсаң бир баштыгың зорго толуп келет. Өстүргөн продукциясын дыйкандар өздөрү сатпайт, алып-сатарлар абдан көбөйүп кетти. Өкмөт бирдей баа коюп бералабы, ушундайды байкабадым. Айыл жергесиндегилерге кыйын болду, иштейин десең же иш жок.

Анткени менен облустук бийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүм башчысынын орунбасары Жаныбек Осмоналиевдин сөзү менен айтканда жергиликтүү бийлик уюмдары бааларды ооздуктоо үчүн аракет жасабай жатат деген пикир натуура. Быйыл жылдагыга караганда буудай 7-8 миң гектар аянтка арбын себилди. Эгилген аянттардын гектарынан 20 центнерден түшүм жыйналганда да 102 миң тонна буудай жыйнап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Облус калкынын жылдык азыгына 198 миң тонна буудай керектелерин эске алганда жетишсиз болгон дан азыктары ишкерлердин башка аймактардан эгин тартып келүүсү менен толтурулат дейт Жаныбек Осмоналиев:

- Дыйкандарга өкмөт тарабынан жардам берилбей жатат деген туура эмес доомат деп айтабыз. Жер семирткичтердин 632 тоннасы өкмөт тарабынан дыйкандарга бөлүнүп берилди. Ал толук тартылып алынды, баасы 7 сом 80 тыйын. Жалпы баанын өсүшү биздин колубуздан келбей турган нерсе. Жалпы дүйнөлүк масштабда күйүүчү майдын баасы өсүп атат. Дан менен камсыз кылуу маселесинде былтыркы жылга салыштырмалуу 7 жарым-8 миң гектарга ашыкча эгилет. Бул жалпы элдин керектөөсүн толтура албайт. Биз 60 пайыздын айланасында өзүбүз камсыз кыла алабыз жүгөрү жана башканы кошкондо. Калган бөлүктөрүн Казакстандан, башка мамлекеттерден ишкерлер алып келет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG