Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

ЖАЛАЛАБАТ: СУУ ТАЛАШТАН ТОПОЛОҢ ЧЫКЧУДАЙ


19-майда Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн алдына 70ке жакын адам чогулду. Алар сугат сууларынын тартыштыгына --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/FCC15A2D-F642-4100-9487-D09CD67734AA.ASP жана айыл башчы кайра-кайра алмашылганына нааразы болушту. Багыш айылында туулуп өскөн кишини айыл өкмөт башчылыгына дайындоону талап кылышты. Айыл өкмөтүнүн милдетин убактылуу аткарган Улан Мусанов аларды бир-эки адамдын тилине кирбөөгө чакырды. Райондук айыл чарба департаменти багыштыктардын жашылчалары куурап кеткенин жокко чыгарып, суу тартыш болуп жаткандыгын билдирди.

Багыш айыл өкмөтүндө тартыш болгон сууну үлөштүрүү үчүн көзөмөл начар. Арык-чоноктор тазаланбаганы үчүн сууну үнөмдөө кыйын. Буудай баш алган чакта суу көп жерди ижарага алгандардан ашпай калды. Мындай маселеге чогулгандардын көңүлүн Жамшит Малашев карыя бурду:

- 50-100 гектар жер эккен адамдар бар. Пиязы, картошкасы, башка эгини бар, ошону сугара турганга суу болбосо кургап калды да.

Сууну теске салуу, аны калыстык менен бөлүштүрүү жетишсиз. Иштин бул жагында адилеттик болбосо, Абдибаит Эрназаров айылга губернаторду чакырууну сунуш кылды:

-Биз шаарды жер-жемиш менен камсыз кылышыбыз керек. Сууну бүгүн-эртең чечпесеңер чоң тополоң болот. Губернатор бул жерге келип отчет берсин.

Айыл кеңеш депутаттары ишеним көрсөтпөгөндүктөн жыл башынан бери айылда өкмөт эки ирет алмаштырылган. Жыйында кадр маселесин козгогон Маматазим Жоробаевдин айтымында, өкмөт улам жаңырганда маселе чечилбей, андан көпчүлүк жабыр тартууда:

-Айыл өкмөттү кайра-кайра алмаштырып атышат. Жерди билген кадрлар көп, эмне үчүн ошолорду өкмөткө койбойт. Эл менен эмне үчүн кеңешпейт, алып келип отургузуп коет дагы, анан ошондо иш болчу беле?

Анын талабын Турдумамат Мамытов да колдоп сүйлөдү:

-Бул жигит кийин келди, мына бүгүн таанышып атабыз. Бул үйрөнгүчө дагы канча убакыт керек. Өзүбүздөн кадр коюлсун, айыл-чарбаны түшүнгөн адам болуш керек.

Сабыр Абдыкаровдун белгилешинче, айыл өкмөттүн милдетин аткарган жигит эл менен бүгүн 1-ирет жолугушту. Ичер суунун тартыштыгынын багыштыктар аны суу ташыган автоунаалардан сатып алышып, кудугуна куйдурушат:

-Жаңы айыл өкмөттү алып келип коюптур, бул кишини тааныбайбыз. Бүгүн көрүп атабыз. Эртең бара турган жерге чейин барабыз. Суунун башы чечилбей, элдин тагдыры чечилбей, эшикте огороддорубуз куурап жатат. Суу жогору жакта жатат дейт, арыкта болсо суу жок.

Айыл өкмөт башчылыгында 21 күндөн бери иштеп жаткан Улан Мусанов таза иштеп, кызматын андан ары өөдөлөтүү оюнда турганын айтып, көпчүлүктү кызмат талашкандардын тилине кирбөөгө чакырды. Анын айтымында, арык тазалоого күйүүчү май менен каражат бөлүштүрүлүп берилген:

- Мен ушул жерге келип таза иштеп, Кудай буюрса көтөрүлүп бир министр болойун деп келдим. Мен бул жерде таза иштейм. Келгениме 20 күндөн эми ашты. Акчасын бөлүп бердим, техникасынын ремонтуна жардам бердим, соляркасын алып бердим. Бүгүнкү күнгө 36 км. арыкты чаптым деп мага отчет берип атат. Калыс иштейин деп келдим. Эмоцияга берилбегиле 1-2 адам уюштуруп койсо эле.

Сузак райондук айыл чарба департаментинин жыйынга келген башчысы Маматжан Жумуков дыйкандардын “эгин кургап жатат” деген пикирине кошулган жок. Ирети менен пайдаланса, бардыгына жеткидей суу бар. Бирок жылдагыдан суу тартыш. Ал улам алмашыла берген айыл өкмөт маселесин мыйзам алкагында чечүү жагын сунуш кылды:

-Багыш айыл өкмөтү Р-1ден 1 жарым куб., Р-2 каналынан 2 куб, ошентип 3 жарым 400 литр суу алып атат. Эгер сууну кезектешип жеткирип беришсе жетет. Айыл өкмөт башчысы бүгүнкү күнү иштеп атат. Азыр мыйзам иштебей калды, жаңы мыйзам кабыл алына элек, жаңы мыйзам чыкканда ошого жараша шайланат. Конституцияда жазылбадыбы, айылдык Кеңештин депутаттары шайлайт деп. Суу тартыштыгы бар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG