Бул тууралуу өткөн ишембиде Ошто өткөн жыйында айтылды. Диний экстремизмдин алдын алуу жана тыйуу салынган диний уюмдардын ишмердигине байланышкан маселелер талкууланган бул жыйынга дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев, Муфтий Мураталы Жуманов жана Ош облусунун жетекчилери, район имамдары катышты. Анда тыйуу салынган «Хизб-ут Тахрир» уюмунун мүчөлөрү ишмердигин күчөтүп жатканы тууралуу сөз болуп, диний экстремизмдин алдын алуу чаралары талкууланды. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргызстан мусулмандар муфтийи түштүк аймактарындагы диний кырдаал менен таанышуусун улантууда. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчыбыз билдирди.(SM)