Чолпонатада 10-февралда өткөн Эл аралык хоккей федерациясынын 100 жылдыгына арналган хоккей мелдешине 6 команда катышты. Мында Нарын шаарынын “Дордой-Алатоо” командасы баш байгенин ээси болду. Жумгал районунун Чаек айылынын “Тенти ата” командасынын хокейчилери экинчи орунду камсыз кылышты. Чаектин “Эркинфарм” командасы бул жолу үчүнчү орунду ээледи.
Чолпонатанын “Дайыр” командасы жаңыдан түзүлсө да аракети бааланып, төртүнчү орунга илинди. Мелдештин “мыкты оюнчусу” деген сыйлыкка нарындык Султан Токоев арзыды. Чолпонаталык хоккейчи Бердибек Ыманбеков “мыкты коргоочу” деп табылды. Чаектин “Эркинфарм” командасынын дарбазачысы Бактыбек Көккөзов “мыкты дарбазачы” деген сыйлыктын ээси болду.
Кыргызстанда кеңеш доорунда шайба жана топ менен ойнолуучу хоккей оюндарына көңүл бурулуп, мелдештер өткөрүлүп турса, эгемендүүлүктүн он жылында бул оюн эстен чыгып, колдоого алынбай калган. 7-8 жылдан бери хоккей боюнча Чаекте Эркинбек Матыевди эскерүү мелдеши өтүп, бул оюган кайрадан кызыгуу башталды.
Мындан үч жыл мурда Казанда өткөн чемпионаттын жүрүшүндө Дүйнөлүк топ хоккейи федерациясына жаңы мамлекеттер дагы мүчөлүккө кабыл алынган. Алардын катарында Кыргызстан да ушул федерацияга мүчө болгон.
Кыргызстанда ушул хоккей оюну 1970-80- жылдары кеңири кулач жайган. Өлкөнүн биринчилиги Каракол, Миңкуш, Бишкекте өткөрүлүп турган.
“Кыргыз хоккейи” долбоорунун жетекчиси Качыке Бейшен уулунун айтымында өлкөдө хоккей федерациясы түзүлүп, Адилет министрлигинен каттоодон өтүп, эл аралык хоккей уюмуна мүчөлүккө кабыл алуу үчүн документтер жиберилген. Ошондой эле Орусиянын спорт комитети менен хокккей федерациясы да Кыргызстанга кол кабыш кылышаарын билдиришкен.
- Бизде хоккей ойноо үчүн бардык шарт бар. Топ жана шайба хоккейи биздин өлкөдө мурда эле бар болчу. Мурда “Алтын шайба” аттуу мелдеш ар жыл сайын өткөрүлүп турчу. Учурда Жумгалда 7-8 жылдан бери Эркинбек Матыевди эскерүү турнири өткөрүлүп жүрөт. Биз бул оюнду колго алып, жайылтып, жакшы саамалыктарды колдоого алуубуз керек. Себеби Орусиянын спорт министри Фетисов менен хоккей федерациясынын президенти Вячеслав Третяк жардам берүүгө убада кылышты. Биз бала кезде «Алтын шайба» мелдештери өтүп турчу. Ал түгүл Орусияда өткөн биринчиликке дагы катышып келген балдар болгон. Бул хоккейди өнүктүрүү мезгил талабы.
Өлкөнүн Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов хоккейди өнүктүрүүгө табигый шарт бар экенин белгилеп, бирок ал үчүн көп каражат талап кылынаарын айтып, учурда андай мүмкүнчүлүк жоктугун ачык билдирди.
- Кыргызстанда Нарын, Ысыккөл, Талас облустарында бул хоккей оюнун колго алууга жаштар өздөрү демилге көтөрүүдө. Конькини табууга болот. Орусиялыктар дагы жабдуулардан жардам беребиз дешүүдө. Бирок бул спортту колго алыш үчүн учурда өкмөттө каражат жок. Жеке демилгелер менен гана өнүктүрүү аракетин көрүү керек.
Спорт адиси Орозбек Евгачевдун пикиринде Кыргызстандын жаратылыш шарты хоккей баштаган спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу.
- Каракол, Нарын шаарларында, айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Эмне үчүн Азиянын кышкы оюндарына, эл аралык мелдештерге өлкөнүн тандалма командасын баштап барууга болбосун!? Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапан, Казакстан мамлекеттеринде гана хоккей өнүккөн. Алар менен кыргыз жигиттери тең ата таймашка чыгып, чеберчилигин өстүрүүгө мезгил жетти. Учурдун талабынан, коңшулардан артта калбай, Орусиядагы, Казакстандагы мелдештерге команданы алып барууга кудуретибиз жетээр деген ойдомун.
Орусиянын хоккей федерациясы Кыргызстандын демилгесин колдоп, жардам берүүгө убада кылышууда. Хоккейге керектүү буюмдардан, кийимдерден жана жабдуулдардан жардам беришсе дурус болоор эле, дейт “Кыргыз хоккей” долбоорунун жетекчиси Качыке Бейшен уулу.
Хоккей оюну 16-17 кылымдарда Голландияда пайда болуп, кийин англиялыктар ойноп, Европага тараган. 1886-жылы канадалыктар шайба менен ойнолчу хоккейдин эл аралык эрежесин иштеп чыгышкан. 1893-жылдан бери Канадада расмий турнир өткөрүлүп, 1899- жылы Монералда 100 миң орундуу биринчи жабык хоккей сарайы курулган. 1908- жылы хоккейдин Эл аралык Лигасы түзүлгөн. 1947- жылы Чехиянын Прага шаарында шайба хоккейи боюнча биринчи дүйнө чемпионаты өткөрүлгөн.
Ал эми 1957- жылдан бери топ хоккейи боюнча дүйнөлүк биринчилик өткөрүлүп келет. Бул топ хоккейи эл аралык аренада орус хоккейи катары таанылган.
1998- жылы гана Жапониянын Нагано шаарында хоккей олимпиадалык оюндарга кабыл алынып, АКШнын тандалма командасы алгачкы чемпион аталган.