Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

БАЛИ ФОРУМУ: ТАРАПТАР МУНАСАГА КЕЛЧҮДӨЙ


БУУнун климаттын өзгөрүшүн талкуулаган форуму аяктоо алдында турат. Балидеги форумда Киото келишими кызуу талкууга алынып жатат. Бул келишимдин мөөнөтү 2012-жылы бүтөт. Евробиримдик жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр 2020-жылга чейин зыяндуу газ калдыктарын атмосферага чыгаруунун көлөмүн мындан он беш жылдагыга караганда 25-40 пайызга кыскартууга милдеттендирген жобону сунуш кылышты. Бирок АКШ, Жапония жана башка айрым өлкөлөр бул нормага каршы чыкты.

Балидеги форум мурда белгиленген мөөнөттөн узарып, ишемби күнү эртең менен аяктары күтүлүүдө. 3-декабрда башталган форум 180 өлкөнүн Экология министрлеринин башын бириктирди. Балидеги жыйында 1997-жылы негизделген Киото келишимин алмаштыра турган жаңы документ кабыл алынары күтүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери БУУнун эксперттери климаттын бузулушун алдын алуу жагынан чукул жана тыкыр чаралар көрүлбөсө, адамзат жакынкы аралыкта эле табигый апааттарга туш болорун, бир катар аймактарды кургакчылык каптап, ачарчылык жайыларын, дүйнөлүк океан көтөрүлүп, көп жерди топон суу басарын эскертип келет.

АКШнын мурдагы вице-президенти Алберт Гор жана Улуттар уюмунун өкмөттөр аралык эксперттер тобу бул жылы Нобель сыйлыгынын Тынчтык премиясын алышты. Алар өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдү 2020-жылга чейин зыяндуу газ калдыктарын атмосферага чыгаруунун көлөмүн мурдагыга караганда 25-40 пайызга кыскартууга милдеттендирүүгө чакырып келишет. Бирок АКШ мындай жобого кол коюудан баш тартууда. Ак үйдүн өкүлү Дана Перино муну мындайча түшүндүрөт:

Бул жыйын кийинки жылы белгилүү бир мөөнөттө сүйлөшүүлөрдү жандандырууга мүмкүнчүлүк бериши керек. Андыктан ушул жыйында Киото келишиминин ордуна башка документ кабыл алуу тууралуу сунушка жалгыз гана АКШ таң калып жаткан жок. Биз буга каршыбыз. Анткени биз силер сунуш кылып жаткан милдеттемелерди аткарууга даяр эмеспиз. Биз бул маселени кийинки жылы талкуулоону каалайт элек.

Деген менен форумда конкреттүү чечимдер кабыл алынбаса, Евробиримдик климат чөйрөсүндө АКШ менен жүргүзүп келаткан сүйлөшүүлөрүн таптакыр токтотуп саларын Германиянын экология министри Зигмар Габриэл эскертти. Өз кезегинде АКШ он алты өлкө менен сүйлөшүүлөрдү кийинки жылдын башында жандандыра турганын кошумчалады. Расмий Вашингтон бул сүйлөшүүлөргө Кытай жана Индияны чакырды. Беш жылдан кийин Киото келишиминин мөөнөтү бүтөт. Бали конференциясы анын ордуна жаңы документ иштеп чыгып, климаттагы өзгөрүштөрдү азайтуу багытында келерки он жылдыктарда көрүлө турган программалык иш-аракеттерди аныктоо максатын көздөп чакырылган. Форумдун башында анын катышуучулары бир катар маселелер боюнча мунаса таба албайт деп айтылып келген болчу. Бирок бүгүн эртең менен Евробиримдиктин өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “тараптар бардык маселелер боюнча ийкемдүү болууга аракет жасап жатат”,-дешти.

XS
SM
MD
LG