Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

ЖАЛАЛАБАТ: ЭЛДИН БЕШ ПАЙЫЗ ДОБУШУН КАЙСЫЛ ПАРТИЯЛАР АЛАТ?


Аймактардагы шайлоочулардын беш, ал эми жалпы республика боюнча калктын жарым пайыз добушун кайсы партиялар алышы ыктымал? Оппозициялык маанайдагы адамдардын оюнда мындай чектерге мамлекеттик кызматкерлер тартылаары күтүлүп жаткан “Ак жол” жана Социал-демократтар партиялары алуусу мүмкүн. Бийликчил партиялар белгиленген чекти өз ара биригип жаткан саясий уюмдар камсыз кылаарын айтышууда.

Ушул апта шайлоочуларды тынчын шайлоо эмес, жашоо-тиричилик маселеси алууда. Элеттеги калктын шайлоого канча партия катышаары, ал саясий уюмдар өлкө үчүн кандай кызмат өтөөрү тууралу түшүнүктөрү аз.

- Партия эмне экенин билбегендер бар. Партия эмне иш кылат дегенде эч ким түшүнбөйт,-деди Сузак районунан Максат Абдыкаимов.

Шайлоо мыйзамында белгиленген чекке жетүү партиялардын уюштуруу иштерине жараша болот. “Ак жол” партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров аталган уюмдун шайлоочулардын арбын добушуна жетүүсүн “Ак жолго” “Менин өлкөм”, “Шериктештик”, “Эмгек жана биримдик”, “Либералдык-прогрессивдик” партиялардын бириккени жана партиянын жер-жерлердеги түйүндөрүнүн көптүгү менен байланыштырды:

- Ишеништүү оюмду айтаар элем. Бардык региондордо биздин партиянын мүчөлөрү, комитеттери бар. Партиябызга “Эмгек жана биримдик” эмес, андан башка да чоң-чоң партиялар бизге кошулуп атышат. Лидерлердин уюштурганы жеринен байланыштуу.

Бирок “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Каныбек Алиев парламенттик шайлоодо “Ак жолдун” пайдасы үчүн мамлекеттик кызматкерлердин ар тараптуу кеңири иштетилишин болжоп турат. Анткени, алар өкмөттүн казынасынан айлык алган соң, президент түзгөн партия үчүн добуш берүүгө аргасыз болушат.
Казыналык кызматкерлерге түз көрсөтмө берилбегени менен кайсы партияны жактоо тууралу кыйыр түрдө кыйытылышы мүмкүн деп эсептейт ал:

- Мамлекеттик структуралардын бардыгын ишке салат. Алар каалайбы-каалабайбы “Ак жол” партиясына добуш берүүсүн талап кылат. Элдин эртеңки жашоосун, кызыкчылыгын, келечегин ойлобой, бийликтин өзүнүн кызыкчылыгы болуп атат.

Бийлик колдогон уюмдардын көп добуш жыйноосун мурдакы саясий иш чаралар ырастаган. Жалалабат шаарынын тургуну Жанна Саралаеванын ою боюнча шайлоочулар партиялардын максат-мүдөөлөрүнө көңүл бурбай, ал партиялардын башына кимдер тургандыгына карап добуш берүү менен бийликтеги партияларды жактап ийүүсү мүмкүн:

- Кайсы партия бийлик тарапта болсо, ал сөзсүз жеңүүчү болуп чыгат. Биздин адамдар партияны партия катары кабыл албастан жетекчисин гана көрүп турушат. Бул шайлоодо бийлик өзүнүн ролун ойноп коет.

Шайлоочулар сандаган партиялардын программа-уставдары менен азырынча тааныштыгы сейрек. Ноокен районунан Эргешалы Элбековдун пикирине караганда мурда түптөлгөн саясий партиялар өлкө боюнча беш пайыздык , аймактардан жарым пайыздык көрсөткүчтөн ашып өтүшөт:

- Мурдатан тамырлашкан партиялардын 5 пайыздык барьерден өтүшү айкын маселе. Коомчулук көпчүлүк партиялардын атын да уккан эмес. Алар кандай иш жүргүзүп жатат, программасы кандай эч кандай белгисиз партиялар бар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG