Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

РЕФЕРЕНДУМГА ЖАЛАЛАБАТТЫКТАР КАНДАЙ КЕЛДИ?


Референдумга Жалалабат облусунан шайлоочулар арбын катышты. Облкомиссиянын мындай маалыматына көз каранды эмес байкоочулар макул эмес. “Ата мекен” партиясынын белгилешинче шайлоо комиссиясынын мүчөсү тартип бузуп, сегиз бюллетень таштап жатканда көрмө тасмага тартылып алынды. Облустук шайлоо комиссиясы ал участканын төрагасын кызматтан бошотту.

Көз каранды эмес байкоочулар облуста добуш берүүлөрдүн жогору болгондугуна күмөн саноодо. Алардын байкашынча айыр шайлоо участксасында мыйзам бузуулар катталды. “Ата мекен” партиясынын облустагы төрагасы Эргешаалы Сабиров Жалалабат шаарындагы №2093 шайлоо участкасынын мүчөсү Уулкан Мамасабирова 8 бюллетенди добуш берүү үкөгүнө салып жаткандыгы көрмө тасмага тартылып атканын билдирип, ошондуктан элдин көп добуш бергендигине ишенбей тургандыгын айтты.

Жалалабат медициналык окуу жайындагы шайлоо участкасына кирген референдумдун жаш катышуучулары бүткүл элдик добуш берүүгө коюлган маселелердин маани-манызын түшүнбой туруп добуш беришти. Рефрендумду депутаттык шайлоо менен чаташтырып алышкан. Облборбордогу техникалык лицейдин шайлоо участкасына бир адамга 3 бюллетень берилгенин көз каранды эмес байкоочу каттады.

Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнө добуш берүүчүлөрдүн аз келгендигин жергиликтүү байкоочу Абдрахман Жолчиев билдирди.

Базаркоргон районундагы Акман шайлоо участкасына шайлоочулар аз келгенин байкоочу Айгүл Семетеева айтты.

Университет шайлоо участкасынын мүчөсү Уулкан Мамасабирова өз үйүндө катталган балдары менен кайни-кайынсиңдилери ыраакта жүргөнү үчүн добуш берүүгө кире албай, телефон аркылуу суранышкандыктан алар үчүн добуш бергендигин мойнуна алды. Аталган шайлоо комиссиясынын төрагасы мыйзам бузуу катталгандан кийин облшайлоо комиссиясы тарабынан кызматтан четтетилди.

Рефрендумду өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы нурмамат Ашымовдун белгилешинче облуста рефрендум өттү. Айрысм мыйзам бузуулар рефрендумдун деңгээлине таасир эте албайт. Кечээ кечинде алынган маалыматтарга караганда, облустагы шайлоого укуктуу 486864 жарандардын 324407 добуш берип, алдын ала маалыматтар боюнча референдумга алардын 67 пайызы катышты. Бирок жалпы добуш берүү мындан да көп болуусу ыктымал. Анткени кечки саат сегизде добуш берүү токтотулуп, бюллетендер саналууда деп айтты Нурмамат Ашымов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG