Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

АКСЫ ОКУЯСЫНДА МАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ КЫРДААЛДЫ КУРЧУТКАН


Жалалабатта бүгүн улантылган сотто жашыруун документтер каралды. Ага жабырлануучулар менен соттолуучулар, алардын адвокаттары гана катышты. Алардан тил кат алынгандыктан жабык соттун жүрүшү тууралуу айтып берүүдөн алар баш тартышты. Жабырлануучулар беш жыл мурдагы алааматта мамлекеттик маалымат каражаттарынын окуяны туура эмес чагылдыруусу Аксыдагы окуянын курчушуна себепкер болду деп эсептешет.

Депутат Азимбек Бекназаров камалганда аны бошотуу талабы менен баатыр энелерден өйдө ачкачылык кармап, балдар окуудан баш тартышкан. Бирок, мамлекеттик маалымат каражаттарында нааразы болгондордун саны азайтылып, бир жактуу маалымат таркатылганы окуянын күчөөсүнө шарт түзгөн.

- Аксы окуясы боюнча гезит, журналдар туура эмес маалымат берип атты. Себеби адамдарды дүүлүтүрө турган сөздөрдү, туура эмес агитацияларды жүргүзгөндөн элдер көтөрүлүп кетти деп ойлом. 4-5 миң адам чыгып атса, 400 адам чыгып атат деп, 400 адам ачкачылыкта отурса, 1-2 эле киши ачкачылыкта отурат, алар да арак, тамак ичип алган деп маалыматтарды таратып атышты,- деди Аксынын тургуну Замира Борукчиева.

17-мартта район борборуна митинг өткөргөнү баратып, Боспиекте курман болгон жигиттер ичкилик ичкен эмес. Окуянын эртеси күнү УТРКнын таңкы берүүлөрүндө ошондогу ички иштер министри Темирбек Акматалиев аксылыктар бири-бирин бычактагандан адамдар өлгөн деп жарыялагандыгын күйөөсү октон каза тапкан Айбарча Сатыбекова сот залында эске салды:

- Кийин Акматалиев теледен аксылыктар өздөрү спирт ичимдиктерин ичип алып, бири-бири менен бычак сайышып, өлтүрүштү деп сүйлөгөн. Каза болгон балдардын бири да иччү эмес, аны айылдыктар жакшы билишет.

Уулу Боспиекте окко учкан Момунбек Четинбаев карыя УТРКнын кызматкерлери районго келип, шейит болгон демонстранттардын эмне себептен өлгөндүгүн изилдебей Аксы окуясын туура эмес чагылдырганына капа. Анын айтымында мамлекеттик маалымат каражаттары депутат Азимбек Бекназаров менен анын тарапкерлерин каралап, ички иштер кызматкерлери да октон жарадар болду деп, бурмаланган маалыматтарды жарыялап турган:

- Жалаң Аксынын элин гана эмес, бүт Кыргызстандын элинин башын айланткандай маалыматты берип атышты. Адам эмне үчүн өлдү ошону сураш керек эле. Аны сураган жок.

Облустук «Акыйкат» гезити Аксыдагы алааматты болгондой чагылдырган. Редактор Самидин Станбековдун айтымында басылма эл менен бийлик экиге бөлүнгөндө мамлекеттин саясатын жүргүзүүгө аргасыз болгон.

17-мартта ок тийгендерди текшерүүгө түнкүсүн жарык болгон эмес. Экс облпрокурор Зоотбек Кудайбергеновдун ою боюнча жарыктын жетишсиздигинен ок тийген жер бычак тилгендей болуп көрүнүүсү ыктымал. Министр Темирбек Акматалиев текшерүүнүн жыйынтыгын күтпөй эле маалыматты шашылыш түрдө айтып жиберген болуу керек:

- Эксперттердин жыйынтыгы келелек болчу. Ал жакта электр жарыгы жакшы болбой, үстүртөн карап эле министрлик тарабынан ошондой маалымат берилген менин оюмча.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG