- Бүмайрам Үташовна, жакында эл аралык экологдор сиз башкарган Майлуусуу шаарын дүйнөдөгү эң булганч жайлардын катарына кошту. Чет өлкөдөн берилген мындай баага сиздин пикириңиз кандай?
- Быйыл дагы кириптирбиз. Киргизгендин пайдасы болсо биздин шаар үчүн абдан жакшы болмок. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күнү көп чечилбеген проблемалар болуп жатат. Биринчиден, бизде канализациялык система, 1992-жылы сел жүргөндө бул канализация эки километр үзүлүп, жок болуп шагылдардын түбүндө калып калган, өкмөттүк постановление кабыл алынган, бирок тилекке каршы аткарылбай калган. 20 жылдан бери шаарда брюшной тиф бар. Айрыкча быйылкы жылы күн ысык болду, балдарыбыз сайга түшүп, канализация система бузулгандан кийин жээгиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн сууларына кетип атат. Өзүбүз колубуздан келишинче чуңкурларды казып, ошол жерден өткөрүп атабыз. Бирок бул эч кандай натыйжа бербейт. Экинчиси, биздин тазалоочу сооружениебиз Аристин долбооруна кирген. Бирок тилекке каршы эки жолу тендер болду, ушул жумушту аткарганга подрядчик таппай атабыз. Урандын калдыктары боюнча бекемдөө иштер жүрүп атат. Бүгүнкү күнү 4 долбоор ишке ашты, бешинчи долбоор Кудай буюрса бир жумадан кийин кайра башталат. Бул урандын калдыктарын бекемдөө боюнча.
- Уран калдыктарынын шаардагы калктын ден-соолугуна тийгизип жатканы байкалабы? Шаарда жүрүп жаткан Дүйнөлүк банк менен кыргыз өкмөтүнүн уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча долбоору натыйжа берчүдөйбү?
- 1947-жылы курулган тазалоочу сооружениеге 60 жыл болуптур. Мына 60 жылдын ичинде бир дагы жолу капталдык ремонт болбоптур. Уран жагынан канча эксперттер келип изилдөө иштери жүрүп атат бүгүнкү күнү, бирок жергиликтүү эл урандан качып бир жакка кете турган ою жок. Ошол жерде төрөлүп өскөн эл жашай берет, МЧС, өкмөт жагынан жардам болуп атат, ошол иштер жасалып атат.
- Ушу тапта Майлуусууда ич келте дарты токтобой жатат. Шаарда суу тазалоочу 60 жыл мурда курулган башкы түйүн бузулгандыктан сууну толук тазалап бералбайт. Бул маселеге өкмөттөн кандайдыр жардам алалдыңыздарбы?
- Өзүбүздүн күчүбүз жетпейт. Аристин программасына киргизгенбиз. Суу, калдыктар маселеси боюнча Ариске бергенбиз. Тилекке каршы бүгүнкү күнү бул долбоорубуз өтө элек. Оюбуз бар жакын ортодо өкмөткө бизди кабыл алышса, өзүбүздүн проблемабыз менен кирсек деген.
- Маегиңизге ырахмат.