ГЕРМАНИЯ. Германиянын полициясы атып өлтүрүлгөн адамдардын баары тең италиялыктар болгондугун билдирди. Башына ок жеп курман болгон беш кишинин өлүктөрү бүгүн эртең менен Дүйсбург шаарында табылган, ал эми оор жаракат алган алтынчы киши ооруканага жетпей каза болгон. Киши өлтүрүүгө эмне себеп болгону белгисиз.