Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Кытай мамлекетинин башчысы Бишкекке 14-августта келет. Мамлекеттик сапардын учурунда эки тараптуу кызматташтыктын багыттары талкууланары болжолдонууда. Тараптар кабыл ала турган документтер тууралуу маалымат таратыла элек. (BuS)