Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:17

18:13 Жалалабат облусунда табигый газга болгон карыз көбөйүүнүн үстүндө


Облустун өнөр жай жана социалдык мекемелери жыл башынан бери 16 миллион чарчы метр табигый газды пайдаланышкан. Бирок газ жагылганы менен анын
кымбаттыгынан ага карыздар болгондор көбөйдү. Табийгый газ карызы жыл башынан бери 37 миллион сомго көбөйүп, бардык карыз 55 миллион сомго жетти. Карыздын 71 пайызы, же 36 миллион сому чийки өнүмдөрдүн жетишсиздигинен элдир-селдир иштеген Майлуусуу шаарындагы электр шамдарын чыгаруучу заводго таандык. Аталган шаардагы жылуулук менен камсыз кылуу мекемеси газга 7 жарым миллион сом бересе болгон. Облустук оорукана менен Майлуусуу жана Жалалабат шаарларынын калкы төрт жарым миллион сомдук карызынан кутула албай келатат. (YA)

XS
SM
MD
LG