Мындай сунуш менен акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кыргыз өкмөтүнө кайрылды. Акыйкатчынын ынандырганына караганда, Шанхай Кызматташтык уюмунун саммити өңдүү олуттуу иш чаралардын маалында атчан милиция коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн натыйжалуу иш аткарат. Саммит учурунда максималдуу коопсуздук чараларын көрүүнүн бир ыкмасы катары атчан милиция кызматын эсептейт. Муну акыйкатчы иш чара учурунда транспорттун ашкере көптүгү менен да түшүндүргөн. (BuS)