Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

11:55 Акыйкатчы Россияда өлтүрүлгөн жарандын сөөгүн алып келүү аракетинде


Буга байланыштуу Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулуна кайрылуу жолдоду. Буга Усть-Абаканда курулуш обьектисинде өлтүрүлгөн Шоңкоев Чоробектин энесинин арызы себеп болду. Акыйкатчы өз кайрылуусунда башкы консулдан кыргызстандык жарандын өлүмүнө байланышкан кылмыш ишин аягына чыгарууга, маркумдун сөөгүн өз жерине өкмөттүн эсебинен алып келүүгө кол кабыш кылууну өтүнгөн. Белгилеп койчу жагы өткөн аптада кыргыз өкмөтү чет жерде иштеп жүрүп мерт болгондордун сөөгүн алып келүүнүн каражатын өз мойнуна алган буйрук чыгарган. (BuS)

XS
SM
MD
LG