Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришкендей 2007-жылдын 1-январында жүргүзүлгөн иликтөөлөр мектеп жашындагы эки миңге чукул бала окубай тургандыгын көрсөткөн. Булардын көпчүлүгү жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары. Алардын көпчүлүгү күнүмдүк оокат үчүн иштөөгө мажбур.
Аталган министрликтин алдындагы “Балдар эмгегинин оор түрлөрүнүн маселелери боюнча маалыматтык ресурс борбору” долбоорунун координатору Вера Сасыкбаеванын айтуусунда учурда иштеген балдардын так саны тууралуу маалыматтар жок. Аталган маалыматтык-ресурстук борбор ИИМ, билим берүү министрлиги жана улуттук статистика комитети менен биргеликте оор иште иштеген балдардын санын тактамакчы.